Эртең Улуттук тарых музей санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот

Эртең, 22-ноябрда Улуттук тарых музей санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. “Улуттук тарых музей санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 22-ноябрь күнү жабык болот. Музей өз көрөрмандарын 23- ноябрдан тарта саат 10:00дөн 18:00гө чейин кабыл алуусун улантат”, – деп жазылат маалыматта. 19-ноябрда беш жылдан бери оңдоп-түзөө үчүн жабык турган Бишкектеги Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өткөн. 20-ноябрь күнү акысыз көрүп калуу үчүн Тарых музейинде кезек күткөндөр көбөйгөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru