Эртең Жогорку Кеңеште үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселеси каралат

Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, шаршемби күнү, жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жүктөлдү.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Күн тартибине ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси киргизилген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт.

Ошондой эле, мындан башка дагы 10го чукул мыйзам долбоорлору каралары күтүлүүдө.

Буга чейин 27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru