Эртеӊ бала-бакчалар ачылабы? Расмий жооп:

15-сентябрда бала бакчага наристе жана жаш балдар группасы барбайт. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, техникалык муниципалдык бала бакчалар ачылууга даяр, акимиатта тамак-аш азыктарын жеткирүү жөнүндөгү маселелер чечилген. Бирок Мамсанэпидкөзөмөл борбору уруксат бере элек.

“Мен баарын түшүнүп турам, митингдерге чыгууга ата-энелер дээрлик даяр, бирок баары эпидемиологдорго такалат. Акыркы сөздү алар чыгарат. Биз балдарды тобокелдикке түртө албайбыз, анткени бала бакчаларда бөбөктөрдүн саны 20-25тен көп болуп кетти”, – деп белгиледи вице-мэр.

Ал жакынкы арада Мамсанэпидкөзөмөл адистери керектүү документтерди жана уруксаттарды берет деп үмүттөнөт.

Белгилей кетсек, мектепке чейинки даярдоо жана чоӊ группалар бакчага барышат.

Kaktus.media

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru