Эртен электр тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлүп, Бишкекте жарык өчүрүлөт

“Түндүк электр” ААК эртен, 14-январда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп эскертти. Маалымат Түндүк электрдин расмий сайтында көрсөтүлдү.

Белгиленгендей, өчүрүүлөр электр тармактарын пландуу тейлөөгө байланыштуу.

Өчүрүлө турган көчөлөрдүн тизмеси: Чыгыш РЭС:

09: 00-18: 00 “Көк-Жар” конушу (Арстанбап, Сайма-Таш, Молдокулов, Акылбек көчөлөрү менен чектелген квадрат)

09: 30-16: 00 Салиева көчөсү,  Буденнов к. баштап Веселая к. чейин

09:00-18:00 Кишиневская, Акылбеков, Достоевский, Курманалиев, Хивинская көчөлөрү, Чүй проспектиси                 

09:30-15:00 Осмонкул, Баетов, Жумабек, Сүйүмбаев көчөлөрү, Урожайный жана Аламүдүн тилкелери

14: 00-17: 00 Байтик Баатыр, Куренкеева көчөсү

Батыш РЭС:

09: 30-17: 00 Курчатов, Ташаузская, Поваринская, Серафимович, Садырбаев көчөлөрүнүн бөлүктөрү

09: 00-18: 00 “Ак-Босого” турак жай аймагы (көч. Чүй 25-Чүй 28, Чүй 47, Чүй 48, Чүй 52, Чүй 54)

09: 00-12: 00 Кулатов, Лев Толстой көчөсү, Оренбургский тилкеси

13: 00-17: 00 Ашхабат, Панфилов, Логвиненко көчөлөрүнүн бөлүктөрү

13: 00-17: 00 Раззаков көчөсү

Leave A Reply

Your email address will not be published.