Эскертүү: Кыргызстанда аномалдык ысык жана сел күтүлөт

Кыргызстандын аймагында 21-23-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, деп эскертти Кыргызгидромет. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Синоптиктер 24-27-июлда аномалдык ысык болот деп болжолдоп жатышат. Абанын температурасы жогорулап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38…+40 градуска, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска жетиши күтүлөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.