Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов УКМКга суракка чакырылды

Эдуард Кубатов учурда УКМКда сурак берип жатат. Бул туууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Эдуард Кубатов Centerra Gold Inc. компаниясынын мурунку кызматкери катары “Кумтөр” иши боюнча УКМКга сурак берүүгө чакыртылган. Учурда ал тергөөчүнүн кабинетинде. Маалымат булактын айтып бергендерине караганда, Кубатов “Кумтөр” иши боюнча бир нече күн мурун да сурак берген.

Эске салсак, Кубатов мындан мурун дүйнө жүзүндөгү эң бийик чокуну багындырып, мындай эрдикти ишке ашырган экинчи кыргызстандык жаран болгон.

Булак: Kaktus.media

Leave A Reply

Your email address will not be published.