Евро-2020: Жайында өткөрүлчү турнир башка убакытка жылдырылышы мүмкүн

Коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу быйыл жай айында өтө турчу футбол боюнча Европа чемпиондугу башка убакытка жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу UEFA уюмунун вице-президенти Мишель Увадын берген маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазды.

“Биз азыркы тапта бул ишти карап жатабыз. Мунун баары өлкөлөрдөгү кырдаалга жараша болот. Эгер кырдаал курчуп кетсе, турнирди өткөрбөй, токтотуп турууга аргасыз болобуз”, – деп билдирген Мишель Ува.

Футбол боюнча Европа чемпиондугу төрт жылда бир өтөт. Быйыл бул турнир Европа чөлкөмүндөгү 12 шаардагы стадиондордо өткөрүлмөк. Турнир 12-июнь күнү Италиянын Рим шаарындагы “Олимпийский Стадион” стадионунда башталып, финалдык беттеш 12-июль күнү Англиянын борбору Лондон шаарындагы “Уэмбли” стадионунда өтө тургандыгы жана ага жалсынан 24 команда катыша тургандыгы маалым болгон.

Эске салсак, учурдагы Европа Чемпиону “Португалия” курама командасы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru