Европа мамлекеттиринин чек арасы күзгө чейин жабылышы мүмкүн

Короновирустун кескин түрдө жайылып жатканына байланыштуу Европа мамлекеттиринин чек арасы сентябрь айына чейин жабык болушу мүмкүн. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрондун божомолун чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Эммануэль Макрон бул божомолун профсоюз лидерлери менен өткөрүлгөн видеожыйын учурунда  билдирген. BFMдин маалыматтоочусунун айтканына караганда, Макрон мындай чарага коронавирустун Европа мамлекеттеринде жайылып атышы түрткү болушу мүмкүн экенин билдирген. Азырка учурда Европа мамлекеттери баардык көрсөткүчтөр боюнча алдыда.

Өзүнүн божомолун Макрон башка мамлекеттерде пандемия кандай өтүп жатканына салыштырып айткан. Мисалы, анын айтымына караганда АКШда инфекциянын таралышынын жете турган чеги али алдыда, ал эми Азия мамлекеттеринде экинчи толкундун болушу да ажеп эмес. Ошол эле учурда чек аралардын жабылышы экономиканын калыбына келишине таасир тийгизээрин да кошумчалаган президент.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru