Евровидениеде Россиянын атынан чыкчу Манижа социалдык тармактын тепкисинде калды

Жыл сайын өтүүчү Евровидение ыр сынагы 18-22-май аралыгында Роттердамдагы Ahoy Arenaда өтөт. Иш-чаранын уюштуруучулары вокалисттер өз таланттарын кадимки форматта көрсөтө алышат, бирок пандемияга байланыштуу делегациялардын курамы жана журналисттердин саны кыскарат деп билдиришти. Сынакка 41 мамлекеттен мыкты аткаруучулар катышат. Быйыл Россияны ырчы Манижа коргойт. Тажикстанда төрөлгөн кыздын тандалышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

Белгилей кетчү нерсе, Манижа жалпы элдик добуш берүү учурунда тандалган. Көрүүчүлөрдүн колдоосуна карабастан, ырчыга карата көптөгөн сын-пикирлер айтылды. “Док-Ток” программасынын алкагында болгон журналист Ксения Собчак менен болгон баарлашууда Манижа ага каршы мынча терс мамилелерге даяр эмес экендигин моюнга алууга аргасыз болду.

“Комментарийлердин биринчи толкунун окуп жатып, мен адамдарга эмне жамандык кылганымды түшүнө алган жокмун. Мени алардын сезимдери менен ойноду деп жазышты, бирок кантип? Мен жөн гана чыгып өз оюмду ырдадым», – деди ырчы өзүнүн сезимдери менен бөлүшүп жатып.

Коомдук жашоо образын жүргүзгөн адамдар терс көрүнүшкө даяр болуш керек деп айтышат. Бирок, Манижа түшүндүргөндөй, ал мындай көрүнүштү көрмөксөнгө сала албайт. “Бул нормалдуу эмес. Мен таң калдым! Ооба, бул биздин кесибибиздин бир бөлүгү, бирок биз адам экенибизди унутпаш керек. Бул нерселер мага көп жагынан зыян тийгизди, мен буга көзүмдү жумуп отура албайм, – деди Манижа ачык эле.

Белгилей кетсек, Манижанын ыры тартылган видео буга чейин Eurovision Youtube каналына жарыяланган. Кыска убакыттын ичинде кыздын аткаруусу дээрлик 4 миллион көрүүнү топтогон. Анын ырлары көбүнчө курч социалдык темага арналган. Манижа БУУнун алдындагы качкындар көйгөйү менен алектенип, аялдардын ден-соолугуна байланыштуу маселелерди көтөрүп, коом тарабынан таңууланган сулуулук стандарттарына каршы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.