народный

Фарида Кадыралиева, Италиядагы кыргызстандык мигрант: «Тоготпостуктун айынан бизде кырдаал өтө оор»

-Фарида айым, учурда Италия Коронавирустун очогу болуп жатпайбы. Кантип сактанып жатасыздар?

–Италиянын Сардения аралындагы Кальяри шаарында карыган кишини карап иштейм. Андыктан мен сизге бул жактагы болуп жаткан окуяларды айтып бере аламын. Мен турган шаар элестетип айтканда  Токмок шаарындай эле кичинекей. Бирок,  ушул эле шаарда 105 миң адам ооруп жатат. Колубузга кол кап кийип, анан атайын берилген кагаздын негизинде гана көчөгө чыгып жатабыз.

–60 миллион адам ооруп атыптыр деген чынбы?

Карантинге алынгандан кийинки Италиянын көчөлөрүнүн биринен көрүнүш

–Расмий бийлик жалпысынан 24 миң деп айтууда. Бирок мындан да көп болушу мүмкүн. Эл чындап эле бул кабарларга ишенген жок. Ар ким ар түрдүү айтууда. Чынын айтканда бизде кырдаал аябай оор. Баардык тартипти сактап, мыйзамга баш ийип, бийликтин айтканын аткарып жатабыз.  Башында өкмөт башчы күнү-түнү теледен баарын айтып жатса да укпай коюшту. Бийлик дагы Кытайдан келгендерди көп текшербей коюшту окшойт. Кыскасы азыр Италияда абал жакшы эмес.  Учурда 4 адам биздин аралдан каза болду.

–Кыргыздар көппү?

–2000ден ашык кыргыздар жашап иштейт. Бул жакта үйлөнүп жаткандар дагы бар. Жамандык жакшылыкта чогулуп турабыз.  Бирок бул абалдан катталгандан бери сүйлөшө албай калдык. Вотсапп группалар менен эле сүйлөшүп абалыбызды билип жатабыз. Чынын айтканда өзүбүз Италияда болгонубуз менен жүрөгүбүз Кыргызстанда.  Кыргыздар ундарды талашып атканын көрүп, кадимкидей жүрөгүм ооруду. Мыйзамга баш ийип, талашпай жашаса экен мамлекетибиз. Ылайым мекенибизде тынчтык, ийгилик болсун.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru