Феликс Кулов, коомдук ишмер: “Каныбек Осмоналиевдин иниси Жарасулду “Дастан” заводуна жетекчи кылганым эсимде жок”

–Феликс Шаршенбаевич,  Каныбек Осмоналиевди  “Ар Намыстан” партиялаштарыңыз чогулуп өтө ылдамдык менен чыгардыңыздар окшойт…

–Жок, чогулган жокпуз. Бирок партиялаштар абдан нааразы болушту. Партиябыз жакпаса эртерээк чыгып кетип, өз алдынча саясат жасаса болмок. Жагабы ал ар бир кыймылын бизге айтып туруш керек эле. Партиялаштар мага түз эле “сизди сыйласа бул ишке бараарда кеңешип коймок да”-деп айтышты.  Менимче Каныбек парламенттик шайлоодо биздин партиянын өтүү шансы аз болгондуктан, оппозицияга кирүүгө аракет жасады окшойт.

–Сизди Каныбек Осмоналиевдин бир тууган иниси Жарасул Абдураимов менен өтө жакшы мамиледе дешти го?

–Мага дос болууга ал жигит жаштык кылат. Мамилем бар экенин танбайм.

–Жарасул Абдураимов 32 гана жашта экенине карабай, 1992-жылы  “Дастан” заводуна директор болгон. Ал убакта сиз Бишкек шаарында мэр болчусуз. Заводду жаш жигиттин башкаруусуна сиздин чоң таасириңиз тийген дешет. Чынбы?

–Мен азыр бош эмесмин. Анан байланышыңыз. Анын үстүнө көп кишиге жардам бергем, эстей албайм.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru