“Forbs” журналы планетанын эң бай адамдарынын рейтингин жарыялады

Эл аралык “Forbs” журналы планетанын эң бай адамдарынын рейтингин жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматта жазылгандай, “Amazon” компаниясынын ээси Жефф Безос кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы аталды. Анын байлыгы өткөн жылы 64 миллиард долларга өсүп, 177 миллиард долларды түздү.

“SpaceX” жана “Teslaнын” акцияларына ээлик кылган Илон Масктын байлыгы бир жылда алты эсе көбөйүп, 151 миллиард доллары менен рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.

“Louis Vuitton Moët Hennessy” ишканасынын ээси Бернард Арно 150 миллиард доллар байлыгы менен алдыңкы үчтүктү ээледи. Журнал анын байлыгы бир жыл ичинде дээрлик эки эсе көбөйгөнүн белгилеген.

Төртүнчү орунда “Майкрософттун” негиздөөчүсү Билл Гейтс турат, анын байлыгы 26 миллиард долларга көбөйүп, 124 миллиард долларга жеткен.

Фейсбуктун башчысы Марк Цукербергтин байлыгы 97 миллиард долларга бааланып, бешинчи орунду ээлеген.

“Форбестин” рейтингинде быйыл 2 миң 755 миллиардер бар – бул былтыркы жылга караганда 660ка көп.

Leave A Reply

Your email address will not be published.