Фракция лидери Жыргалбек Турускулов обсервациядагы дарыгерлерге жолугуп келип, эмнеге карантинге алынган жок?

Так ошол Турускулов барып келген Жумгал районунун борбору Чаектен расмий түрдɵ 9 адамдан коронавирус илдети катталды. Анын 6 кишиси эл ичинен болсо, берки үчɵɵ дарыгерлерден. Мына ошол дарыгерлерге аралашып, алар менен кол алышып ал-акыбал сурап келген Жыргалбек Күрүчбекович мыйзамды сыйлап 14 күн үй карантининде олтурса болмок да. Келе калып эле бүгүн фракция лидерлери менен президентке жолугуп чыкты. Эртен пленардык жыйынга чыгат эми. Ɵкмɵт башчы Сузак районуна барып келгенден кийин 14 күн үй карантининде олтурду. А тиги Турускулов башкача адамбы?!

Биздин минтип айтканыбызга негиздүү жүйɵө бар. Биринчиден, жаман илдет менен Чаектен катталган 9 адамдын үчɵɵ-дарыгерлер. Турускулов так ошол дарыгерлерге жардам берип келди. Ал эми Жыргал мырзанын апасы Жыпариса Токоновна дагы ошол дарыгерлер менен кошо иштеген медайым. Үйүнɵ барганда эне-бала ɵбүшүп учурашты да туурабы? Аны менен катар так ошол ооруган бир врач Турускуловдун атасы Күчүрбек аксакалдын эжесинин небере баласы экен. Демек, жалпы Турускуловдор экинчи категориядагы байланышкан адамдар катары каттоого алынышы керек эле да?! Мына кооптонууга негиздүү фактылар.

Булак чындык

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru