Францияда 600 миң канаттуу жок кылынат

Франциянын түштүк-батышындагы өрдөктөрдө жайылып жаткан куш тумоосунун вирусун көзөмөлдөө үчүн болжол менен 600 миң канаттуунун жок кылынары кабарланды.

Өлкөдөгү Айыл чарба министрлиги тараткан билдирүүдө ушул кезге чейин 200 миңден ашуун өрдөктүн кырылгандыгы белгиленди.

Өткөн жылдын аягында Францияда куш тумоосунун өтө жугуштуу түрлөрү катталып, миңдеген канаттуулар жок кылынган болчу.

1-январдан тарта Франциянын түштүк-батыш Ландес аймагында жана жалпы өлкө аймагында 61 жерден H5N8 вирусу табылган.

Министрлик берки аймактарда дагы вирустун жайылышы көзөмөлдө экендигин билдирди.

Белгилүү болгондой куш тумоосунун H5N8 штаммы адамдарга жукпайт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru