Гүлнур Асанова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты

Кыргыз эстрада ырчысы  Гүлнур Асанова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөттү.

    “Учурда адамдар коронавирус дартына байланыштуу сыртка чыга албаган адамдарга жардам көрсөтүп жатышат.  Биз дагы соопчулук иш жасоо үчүн 15 үй-бүлөнү бир каптан ун, акчалай жардам, беткап, септик менен камсыздадык.  Аз-камсыз болгон үй-бүлөлөргө курбум экөөбүз таратып чыктык. Мындан сырткары эки үй-бүлөгө азык-түлүктөн көбүрөөк кылып  алып бердик.

Себеби экөөндө тең жумушка жараксыз, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт экен. Үйүнө жеткирип берип, абалдары менен таанышып чыктык. Мындан ары дагы колдон келген жардамыбызды берип турабыз деген ниетим бар. Мындан көп деле таратмакпыз. Шартыбыз ушуга жетти. Колдон келгенин жасадык. Албетте, башка сахналаштарымды дагы ушундай соопчулук иш жасого чакырып кетем”-дейт ырчы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru