народный

Гүлсана Сарногоева, “Оору жуктуруп алышкан дарыгерлер, санитаркалар да бар”

Дүйнө жүзү биригип күрөшүп жаткан коронавирустун учурда очогу болуп жаткан Италиядан кабар алдык. Биздин мекендешибиз, учурда аталган өлкөдө жашап жаткан  Гүлсана Сарногоева азыркы учурдагы абалды айтып берди.

-Гүлсана эже, ар ким ар кандай айтышууда.  Расмий маалыматтар боюнча Италияга негизинен коронавирус кайдан келген?

Башында Рим шаарында Кытайдан келишкен эки турист ооруп калышкан. Алар болжол менен бир айдан кийин айыгып чыгышты. Февралдын орто ченинде Италиянын Ломбардия регионунда жайгашкан Кодоньо деген шаарында 38 жаштагы киши короновирус менен ооруп калган. Андан жубайына, кээ бир досторуна, кесиптештерине жугуп, алардан башкаларга жугуп отуруп ооруган адамдардын саны көбөйүп кетти. Оору жуктуруп алышкан дарыгерлер, санитаркалар да бар. Ооругандардын, айыккандардын, каза болгондордун санын күн сайын жаңылыктардан айтып турушат.Мен жашаган Умбрия аймагында жайгашкан Фолиньо шаарында короновирус менен жабыркагандардын саны  ушул күндөрү он чактыга жетти деп уктум. Бир жума мурда эле жок болчу. Кечээ күндөн баштап эрежени абдан катуу кармагыла деп күн сайын полицейскийлер көчөлөрдү аралап мегафон менен жарыя кылып жүрүшөт. Күнү-түнү ар бир пункту өтө этият менен текшерип жатышат. Шаарда болгону супермаркеттер, дарыкана, банк, почта жана бензин саткан жер ачык.

-Азык-түлүк сатуучу дүкөндөргө барууда кандай эрежелер киргизилди?

Супермаркетке бир үй- бүлөдөн биргана киши барып ал жердеги эрежени абдан сактап турушат. Ар бир кишиден бир, бир жарым метр аралыкта туруштары керек. Шаардын тургундары үйдө олтуруп алышып эле телефон аркылуу  тамак- ашты заказ кылса да болот. Тамакты атайын мэрия тарабынан уруксат берилген кагазы бар андан тышкары медиктерден көзөмөлүндө турган адамдар алып келип берип турушат. Алар тамак- ашты маскачан алып келип биз маскачан тосуп алабыз.

-Дене-табыңыздар көтөрүлө баштаса дароо бара калганга ооруканалар ачыкпы?

–Медицина кызматкерлери баарыбызга эгер жөтөлүп, температураңар көтөрүлсө бизге келбегиле, бизге телефон чалсаңар өзүбүз барып текшеребиз деп айтып чыгышкан. Алардын ошентип айткандарынын себеби эгер бирөөлөр короновирус менен ооруп өз жолу менен келсе жолдо келатып бирөөлөргө жугузуп алышы мүмкүн  дегенди билдирет. Бул абдан эң жаман вирус экен. Бир киши ооруса эле аны менен чогуу жүргөндөргө алардан башкаларга жугуп кете берет экен. оругандар акырындап азая башташты деп жатышат Анткени режимди абдан катуу коюшкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru