Гүлзат Мамытбек: “Наамдан ажыратуу министрдин укугуна кирбейт”

Ырчы Гулзат Мамытбек кесиптеши Курал Чокоевдин мамлекеттик наамынан ажыратылганы тууралуу жергиликтүү ЖМКлардын бирине пикирин билдирди.

“Адамды сыйлыктардан, наамдардан же артыкчылыктарынан ажыратуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилиши керек. Бул үчүн ушул сыйлыктарга ээ болгон адам биринчи кезекте кандайдыр бир кылмыш үчүн жоопко тартылышы жана соттолушу керек. Күнөөлүү экенин далилдеген өкүм чыгышы кажет. Сыйлыктардан жана наамдардан ажыратууну сот аныктайт. Менин оюмча, маданият министри өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп сотко даттанса болот. Адеп-ахлак жана этика маселелери бир чиновник же ведомство тарабынан чечилбеши керек болгон категория”, – деген пикирин билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.