ГҮЛЖАЙНА АТАКАНОВА ЫРЫС ЖООМАРТОВАГА ЖООП БЕРДИ

Актриса жана режиссёр Ырыс Жоомартова жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде: “Гүлжайна Атаканова айдап жүргөн Лексус GX470 үлгүсүндөгү унааны мындан 7 жыл мурун айдап койгом. Азыр аныкындайды баары эле айдап жүрүшөт. Менин унаам акыркы үлгүдөгү Toyota Iand Gruiser V8 болгондуктан, жетпей жүргөн эркектер көп болуш керек”,- дегени талкуу жаратууда.

Ал эми Гүлжайна Атаканова инстаграммдагы жеке баракчасына Ырыс Жоомартованын өзү жөнүндө айткан маегин жүктөп, алдына жооп катары:
“Темир тулпарыңыз кут болсун! Жакшылыктарга айдаңыз. Сизди сыйлайм. Өтө аракетчил, мээнеткеч, чынчыл, күчтүү айымсыз. Бизге дагы сиздикиндей унааларды Аллахым насип кылсын ылайым. Ден соолукта бололу.
Комментарий жазгандар Ырыс эжемди жакындан билсеңер жан дүйнөсү таптаза, алтын эже. Жөн гана тамашалап койсо керек. Жаман жазбагыла!”-деген билдирүүсүн калтырган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru