Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” клубунда 7-номер менен ойной тургандыгы айтылды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын “Кайрат” клубунда 7-номер менен ойнойт. Мындай маалымат аталган клубдун быйылкы сезонго берген оюнчулардын тизмесинде көрсөтүлгөн.

Гүлжигит Алыкулов буга чейин аталган клубда 27-номерде ойночу. “Кайрат” клубу 2021-жылдагы сезонго жалпы 26 футболчунун тизмесин берген. Маалым болгондой, 7-номердеги оюнчу командадагы лидер оюнчулардын бири.

Leave A Reply

Your email address will not be published.