Галивуд жылдызы Техастын губернаторунун кызмат ордуна шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн билдирди

Америкалык актер Мэттью Макконахи интервью берип жатып, келечекте Техас штатынын губернаторлугуна же башка саясий кызматтарга талапкерлигин коёрун четке каккан жок. Бул тууралуу ал радио алып баруучу Хью Хьюитт менен болгон маегинде билдирди.
Техастын губернаторуна кийинки шайлоо 2022-жылы өтөт.
Артисттин оюу боюнча учурда саясат ал үчүн “чириген нерседей” болуп көрүнгөнүн WBRC билдирди.
МакКонахи ал кайсы кызматка, тактап айтканда Техас штатынын губернаторуна иштей аласыңбы деген суроого “Саясат өзүнүн максатын карап чыкканда, мен кызыгып кетишим мүмкүн”, – деп жооп берди.

МакКонахи Техас штатынын тургуну жана ал жерде үй-бүлөсү менен жашайт.

2019-жылдын май айында, МакКонахи орто мектеп аттестатын мектепти бүтүрүп кеткенден кийин 30 жылдан соң алгандыгы кабарланган. Актер бүтүрүүчүлөргө сөз сүйлөп жаткан учурда билим берүү мекемесинин жетекчилиги ага 1988-жылдан бери Лонгвю шаарындагы мектепти аяктагандан кийин ала албай жүргөн документин тапшырган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru