Галош кийген аял курутту буту менен жасаган видео тарады-(ВИДЕО)

Интернетте галош кийген аял буту менен сөзмөдөн курут жасап жаткан видеосу тарады.  

Khabar.uz басылмасынын маалыматына ылайык, окуя Самарканд облусунун Иштихан районунда болгон.

Курут даярдоо менен алектенген жарандар Каллахоса айылындагы Дехканабад махаласында жашайт турганы аныкталды. Аялдын айтымында, ал колу менен курут жасоого күчү жеткен эмес. Күйөөсү үйдө болбогондуктан, курутту буту менен жасоого мажбур болгон.

Даярдоо процессин кошунасы видеого тартып, социалдык тармакка жарыялаган. Видеонун автору анын жаман ниети жок экендигин белгилеп, буга чейин көрбөгөндүктөн жана кызыгып калгандыктан видеого тартканы айтты.

Бул жагдайга аталган махалланын төрагасы Шахобиддин Мухаммадиев дагы комментарий берди.

«Видеону райондук милиция кызматкери менен биргеликте көрдүк. Аял эмне үчүн мындай кылды деп сураганда, ал күч-кубаты жок, жакында эле балалуу болду деп жооп берди. Бирок бул шылтоо боло албайт, анткени адамда абийир болушу керек », – деди ал.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербеген шартта даярдалган курутту жок кылышкандыгы маалымдалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.