народный

Газ баллон жарылып, үй ээси ооруканага түштү

Бишкек шаарынын Ленин районунда турак үйдө газ баллон жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарылган газ баллондун кесепетинен жалпысынан 40 чарчы метр ашкана бөлмөсү күйгөн. Аны менен катар кырсыктын кесепетинен бир аял киши (үйдүн ээси) 2-3-даражадагы күйүк алып 4-оорукананын күйүк борборуна жеткирилген.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru