Гематология борборунун ордуна бала бакча ачылат

 Бишкек шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан Гематология борборунун ордуна бала бакча ачылат. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева билдирди.

«Гематологияны мурдагы балдар онкологиясы бөлүмүнүн имаратына (Ахунбаев көчөсү №92) көчүрөбүз. Себеби балдар онкологиясы бөлүмү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы корпусуна көчүрүлгөн.

Бул маселе бүгүн гана көтөрүлгөн жок, 1 жылдан ашуун күн тартибинде турган», – деди Султангазиева.

Анын айтымында, гематология борборунун ордуна медицина кызматкерлеринин балдарына арналган бала бакча ачылышы мүмкүн.

Булак: АКИ пресс

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru