Генерал майордун уулу тартип бузуп, инспекторлор менен мушташты

“Жогорку Кеңештин Эл аралык коргоо жана коопсуздук комитетинин жетекчисинин орун басары Эрнест Молдошев  инспекторлор менен мушташты. Бул тууралуу  жергиликтүү маалымат кызматтарынын бири маалымдады:

“Милиция кызматынын кызматкерлери менен болгон чыр 25-мартка караган түнү болгон. Журналисттерге бүгүн гана маалым болду. Бул күнү борбор калаада коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими киргизилген.Эрнест Молдошев “Toyota Land Cruiser” унаасын айдап бара жатып жол эрежесин бузуп, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жолдо турган инспектордун унааны токтотуу үчүн берген буйругуна баш бербей каршы тилкеге чыгып кеткен.  Кууп барып кармашканда укук коргоо органын кызматкерине кол көтөрүп аны тепкилеп, көзгө муштаган. Кийин гана башка инспекторлор келип кармап кетишкен”-деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Эрнест Молдошев генерал майор Замир Молдошевдин уулу. Ал үй камагына чыгып, инспектор ооруканалардын биринде дарыланууда.  

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru