Гепатит менен ооругандар кайрадан нааразылык акциясына чыгышты

Кыргызстанда гепатитке чалдыккандар жана алардын жакындары болуп жалпысынан 20дан ашуун киши бүгүн, 22-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар оорунун алдын алуу үчүн калкты вакцина менен камсыз кылууну өлкө жетекчилеринен өтүнүп жатышат.

“Кыргызстанда гепатология бөлүмү ачылып, дары-дармек, вакцина маселеси чечилмейинче гепатит оорусу көбөйүп, жалпы Кыргызстанга таасирин тийгизгени калды. Ооруга чалдыккандардын дагы шарты каралбай жатат”, – деди нааразылык акциясына чыккандардын бири.

Гепатитке чалдыккандар буга чейин дагы бир нече жолу нааразылык акциясын уюштурган. Алар дары-дармек жетишпей жатканын жана кымбат экенин айтып келишет. Мындан тышкары алар Кыргызстанда гепатитти аныктаган лабораториялардын көрсөткөн кызматы кымбат экенин, ушундан улам эл текшерилбей жатканын, ага карабай ооруканаларда текшерилбеген донор каны куюлуп, боор ооруларынын жугуштуу инфекциялары жайылып жатканын эске салышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru