народный

Германия Кыргызстанга медициналык жардам жиберди

2020-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев Германия элчилигинен COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 30 аба-кычкылтек аралаштыргычтарын, медициналык буюмдарды жана чыгым материалдарын алды.
Белек катары берилген медициналык жабдыктар Германиянын Кыргызстандагы COVID-19дун бейтаптарын эки тараптуу кызматташтыктын жардамы менен дарылоого жана көзөмөлдөөгө кошкон салымы болуп саналат.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө саламаттыкты сактоо тармагынын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru