Гимнаст Айша Изабекова Япониядагы дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык гимнаст Айша Изабекова Японияда өтө турчу дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу КРдин Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Мелдеш 27-30-октябрь күндөрү Китакюсю шаарында өтөт.

Федерациянын башчысы дүйнө чемпионатынын жаңы эрежеси боюнча бир өлкөдөн бирден гана спортчу катыша аларын белгиледи.

Учурда Айша Москвадагы Ирина Винер-Усманованын гимнастика борборунда даярдык көрүүдө. Японияга спортчуну машыктыруучусу Аделина Шаяхметова жана калыс Злата Тулубаева коштоп барат.

Айша Изабекова 18 жашта. Көркөм гимнастика боюнча спорт чебери, Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, Азия кубогунан күмүш жан коло медалдарды алган. Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru