“Голос” теледолбоорунун насаатчы Александр Градский каза болду

Советтик жана орусиялык ырчы, композитор, орус рокунун негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Градский каза болду. Бул тууралуу 5-tv.ru булагы билдирди. Жылдыз түнкү саат экилер чамасында ооруканада каза болгон.

Градский 26-ноябрда ооруканага жаткырылган. Композитор күтүлбөгөн жерден үйүндө өзүн жаман сезип, ага тез жардам чакырылып, борбордогу клиникалардын бирине бара жатып эсин жоготкон. Дарыгерлер музыкант инсульт алган дешүүдө. Анын абалы оор болгондуктан реанимацияга которулган.

Александр Градский орус рокунун негиздөөчүлөрүнүн бири, Россия Федерациясынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Россия Федерациясынын жана Приднестровск Молдавия Республикасынын эл артисти, Россия Федерациясынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылган. Градский атындагы зал театрынын көркөм жетекчиси.

Акыркы жылдары композитор “Голос” теледолбоорунда насаатчы болуп келген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru