Гондурас тропикалык бороондун кесепеттерин жоюуда

Гондураста “Йота” тропикалык бороондун кесепеттери жоюлду. Кырсыктын кесепетинен төрт ири жер көчкү жүрүп, 30дан ашык жол тилкелери таштандыга толду. 14 адам каза болуп, бирөө дайынсыз жоголду. Ошондой эле 180 үй кыйрап, 7 миңине зыян келтирилди. Өлкө бийлиги эл аралык коомчулукту жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берүүгө чакырды. Шаршемби күндөн бери баш калкалоочу жайларда кооптуу аймактардан сактанып кеткен адамдардын саны 70 миңден ашуунду түзөт.
Эске салсак, Гондураста төртүнчү категориядагы “Йота” тропикалык бороон чапкыны болгон. Буга чейин анын соккусу Никарагуага жана Колумбиянын Провиденсия аралына түшкөн.

ИA REGNUM билдиргендей, 16-ноябрда бешинчи категориядагы “Йота” ураганынын жакындап калгандыгына байланыштуу Гондураста Кариб деңизинин жээгинде жайгашкан калкты мажбурлап эвакуациялашкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.