Гранттын эсебинен 40 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда

Бүгүн, 27-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов: «Макулдашууга ылайык, 3 млн сомдук гранттын эсебинен 40 тез жардам унаасын жана 70 санитардык транспорт сатып алуу пландалууда. Аларды алыскы аймактардагы тез жардам унаасы жок ооруканаларга таратабыз», – деди.

Талкуу маалында комитет төрайымы, депутат Гүлкан Молдобекова унаалардын сапатына көңүл буруу керектигин белгилеп, бардык медициналык жабдуулары менен сатып алуу зарылчылыгына токтолду.

«Бардык жерде тез жардам унааларынын жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Андыктан, өлкөдөгү бардык ооруканаларды тез жардам унаасы менен камсыздоо учур талабы», – деди комитет төрайымы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru