Грек-рим күрөшүнүн балбандары лицензиялык мелдештерге даярдык көрүүдө

Грек-рим күрөшүнүн балбандары лицензиялык мелдештерге даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө.

Окуу-машыгуу жыйын 9-январда старт алып, 30-январга чейин уланат.

Окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.