Гуманитардык фонддордун атын жамынган алдамчылар пайда болду
Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди:
“Өзгөчө абал режими киргизилгенден баштап 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин коомдук жайларда кылмыштуулук 300%га төмөндөдү. Бул мыйзамга баш ийген жарандар өзүн-өзү изоляцияга алуу режиминде болгондугуна байланыштуу, биз коомдук жайларда дээрлик кылмыштарды каттаган жокпуз”, – деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев.
Мындан сырткары, гуманитардык фонддордун атын жамынып, гумжардам көрсөтүүдө алдымчылык учурлары катталды.