Хабиб азырынча Россияга келбейт

UFC уюмунун чемпиону, Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов коронавируска каршы ал машыгып жаткан зал жабылса таза абада жекече машыгуусун улантат. Бул тууралуу мушкердин машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедовдун билдирүүсүн чет элдик басылмалар жызып чыкты.

Коронавирус чуусунан улам Хабиб Нурмагомедов UFC 249 турнирине даярданып жаткан АКШдагы АКА залынын жабылат деген имиштер боюнча оюн айтты.

“Хабиб азырынча Орусияга келбейт. Америкада беттеш болгону жатса ал бул жакка эмнеге келмек эле? Даярданып жатканда машыгуучу зал жабылышы мүмкүн деген туура эмес. Эгер бул машыгуучу зал такыр эле жабылса, анда Хабиб таза абада жекече машыгуусун улантат. Андан ары эмне болорун бир гана жараткан билет”, – деп билдирген Абулманап Нурмагомедов.

Маалыматка ылайык, UFC 249 турниринин алкагында Нурмагомедов-Фергюсон беттеши 18-апрелде Нью-Йорк шаарындагы 19 миң көрүүчү бата турган “Барклайс-Центр” спорттук аренасында өткөрүү  пландалган.


Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru