народный

Хабиб Нурмагомедов: Атамдай болгон кишини кантип бетке согорумду да билбейм

UFC уюмунун чемпиону орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык профессионал боксчу Флойд Мейвезер менен беттешкенге макул экенин билдирди. Бул тууралуу Нурмагомедов UFC чемпиону “TMZ” сайтына берген маегинде билдирген.

“Мен Флойд Мейвезер менен 11 раунд бокс эрежеси жана 1 раунд MMA эрежеси менен мушташканга даярмын. Ал мушташкысы келсе UFC’ге кош келипсиң демекчимин. UFC’де чыныгы мушташ болот. Мен жөн гана мушкер эмесмин, мен ММА мушкеримин. Мейвезер менин атамдай болгон киши. Ал мушташууга макул болсо, аны кантип бетке согорумду дагы билбейм”, – деп билдирген орусиялык мушкер.

31 жаштагы Хабиб Нурмагомедовдун MMA’де 28 беттеште 28 жеңиши бар. Ал эми 43 жаштагы Флойд Мейвезердин бокс боюнча карьерасында 50 беттеште 50 жеңиши бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru