народный

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанда ресторан ачат

UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов тез тамактануучу ресторандар түйүнүн ачат. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы жазды.

ММКнын маалыматына караганда, аралаш мушташ боюнча орусиялык мушкер менен байланышы бар компания Хабибдин M-eat фаст-фуд ресторандарынын тармагын түзүүнү пландап жатат. Биринчи тамактануучу жай Moscow City бизнес борборундагы City of Capitals мунарасында ачылган.

Май айынын аягына чейин компания дагы 14 түйүн ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бир мекеменин ачылышына инвестициянын суммасы 3 миллион рублди түзөт.

Хабиб Нурмагомедов 2023-жылдын аягына чейин беш өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркияда жана Бириккен Араб Эмираттарында 150 түйүн ачууну пландап жатат. Азыр компания бул өлкөлөрдө франчайзингди издөө менен алек.      

Мушкер түйүндүн концепциясын иштеп чыгууга сегиз айдан ашык убакыт короткон. Ал ресторан бизнесинин көптөгөн өкүлдөрүнөн сунуш түшкөнүн, бирок, ал өз ишканасын ачууну чечкенин айтты. Буга чейин Хабиб Нурмагомедов Москвада “Папаха” ресторанын жана Махачкалада кофекана ачкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru