Ханзаада Чарльз коронавирус жуктуруп алды

Улуу Британия ханзаадасы Чарльз коронавирус жуктуруп алды. Бул туурасында падыша үй-бүлөсүнүн өкүлдөрүнүн билдирдүүсүн чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, андан вирустун жеңил эле белгилери байкалган, бирок абалы жакшы.

71 жаштагы Ханзаада Чарльздин жубайы герцогиня Корнуольская да коронавируска текшерилген. Бирок андан инфекция аныкталган эмес.

Азыркы учурда ханзаада менен жубайы обочолонуп Шотландиядагы Балморад сарайында.

“Ханзаада вирусту кимден жуктуруп алганын билүү мүмкүн эмес. Анткени ал өзүнүн милдетин аткарып, акыркы жумада көп иш-чараларга катышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Ал катышкан акыркы иш-чара 12-мартта болгон. Ханзаада анда Елизавета II менен кезиккен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru