Ички иштер министрлиги алардын кызматкери БШКга кандай максатта келгенин аныктап жатат

Ички иштер министрлиги бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясында болгон окуянын чоо-жайын иликтөөдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. «Учурда министрликтин басма сөз кызматы тергөөчүнүн БШКга сапарынын максаттары жана милдеттери жөнүндө тергөө кызматы менен маалыматтарды текшерип жатат. Массалык маалымат каражаттарында айтылган окуянын бардык жагдайлары такталууда. Такталгандан кийин толук маалымат беребиз ”, – деп билдиришти ИИМден. Эскерте кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн Ички иштер министрлигинин экинчи бөлүмүнүн кызматкери деп тааныштырган бир адам келген. Ал шайлоо комиссиясынын бүт курамын тезинен суракка келүүнү талап кылды

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru