ИИМ: Коомдук тартип бузгандар боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер уланууда.
2-марттагы митингдин айынан массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Алардын 162 менен тактоо, аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң койо берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды.
Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.