ИИМ: Республиканын аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдө

Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ички иштер министрлиги өзгөчө абал учурунда өзүнүн бөлүмдөрү аркылуу коомдук тартипти жана коопсуздуктун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону улантат. Бишкек шаарынын милициясы куралдуу күчтөрдүн жана ыктырдуу элдик кошундар менен биргеликте шаардын жашоочуларынын жана конокторунун коопсуздугун күнү-түнү камсыздашып, шаардын аймагында коомдук тартипти камсыздашууда. Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу жана күч түзүмдөрүнүн, ыктыярдуу элдик кошундардын көзөмөлүндө. Коменданттык сааттын аякташы менен шаарга кирип-чыгуу ачык, коомдук транспорт токтоосуз жүрүүдө. Талап-тоноочулук жана талкалоо фактылары катталган жок.

             Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга  жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.