ИИМ техникалык кара куурайдын түзүмүн тааныбай эле каршы болуудабы?

Бугүн, 17-февраль Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясында бир катар депутаттар техникалык кара куурай өндүрүүгө уруксат берүү меселсин козгоду. Депутат Улукбек Ормонов

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовго кайрылып, “Өндүрүштүк кара куурай өндүрүүгө оюңуз кандай?”-деп сурады.

“Биз каршыбыз, ал гашиш. Кыргызстан кол койгон келишимдерге ылайык бизде кара куурай өндүрүүгө болбойт”-деп жооп берген жетекчинин орун басары, бир катар депутаттардан кагуу укту.

“Анда наркотикалык зат жокко эсе деп коңшу мамлекеттер Өзбекстан менен Казакстан өстүрүп жатат.  Аларга болгон нерсе, бизде эле тыюу салынабы? Пайдасы аз келишимге кол коюп жаткан жокпузбу? Мен билгенден, тиги-бу дебей так келишимдерди 3-окууга алып келсеңиз”-деди Улукбек Ормонов.

Ушундай эле пикирин Дастан Бекешев кошумчалап, Россияны туурай бербей, жаңы мүмкүнчулүктөргө  жол ачкыла деди.

“Техникалык конопляда баңги заты жок, сиз бул каражат тууралуу билбейт окшойсуз. Кичине маалымат алып анан каршыбыз деп айтпайсызбы!?”-деди Бекешев.  

Ал ошону менен бирге “ООН канабис чеккен жарандар жоопкерчилике тартылбасын” –деп кабарлаганын айтты.

Эске салсак техникалык конопля, (кара куурайдын турү) тууралуу биз буга чейин да жазган элек. Дүйнө азыр андан жогорку сапаттагы кагаз, материалдарды жасап, өндүрүш үчүн колдонуп келет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru