Ильич Кулназаров: “Ташиев менен Икрамов коронавирус катталган аймакка барып, эми элди аралап жүрөт!”

Журналист Ильич Кулназаров депутат Тазабек Икрамов менен Камчыбек Ташиевдин, Сузак районунда коронавирус катталган кооптуу аймакка барып келгенден кийин элди аралап жүргөнүн сынга алып, илдеттен сактануу коопсуздугуна айрым адамдар баш ийбей жатканын дүйнөлүк коомчулук менен салыштырды.

“Дүйнөлүк согуштун жаңы түрү бул биологиялык согуш болуп жатканын баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Дүйнө жүзү кытай элин жерип, жаа бою качып жатты эле алар бул жолу да бүтүндөй дүйнө коомчулугуна жеңишин көрсөтүп экономикалык жатта кайрадан көз каранды кыла баштады. Пандемия жарыялангандан бери ар бир өлкө өзү менен өзү калды. Уханьда вирус чыгаары менен ал аймакта өзгөчө кырдаал киргизип көчөдө кыбыр эткен жан калбай ар бир жаран үйүнөн чыкпай көзөмөлдө туруп, эки айдын ичинде карантинден чыгып кетишти.
Бизде кандай болду? – Сузакта карантин киргизилди Ташиев өзү эл менен жолугуп бет кап таратып жүрөт. Аны тарата турган дарыгерлер, ӨКМдин адистери деле бар эле. Депутат Тазабек Икрамов эл менен Сузакта жолугуп келдим деп (зона рисктен) бүгүн парламентке шерденип кирип келип акыркы Сузактагы маалыматтан саймедиреп берди. Эми ал киши карантинге алынабы? Акыркы маалыматтарды борбордук штаб саат сайын алып жатат го! Анан кайдагы тартип бизде?! Инновация болобу же медицинасыбы Япония таасирдүү өлкө, учурда алар ФАВИПИРАВИР деген ат менен коронавирусту жеңген дарыны чыгарып ал клиникалык сыноолордон өтүп колдонула баштады. АКШ да жаңы дары чыгарып ал да клиникалык сындан өтүп жакшы жыйынтыктарды берип жатканын Трамп бүгүн түз эфирде АКШда түзүлгөн жумушчу топтун өкүлдөрү менен жооп берди. Аны жумушчу топтун мүчөсү доктор Хан да тастыктады. Дональд Трамп дүйнөлүк пандемияга карата 1 трлн доллар жумшалаарын жар салды. Пандемия мурдагы КМШ мамлекеттеринин дээрлик баарынын шаштысын алды. Бүгүн Мирзиеев региондор аралык телемост өткөрүп абал катуу көзөмөлдө экенин көрсөттү. Казакстан Өзгөчө Кырдаал киргизгени белгилүү. Украина менен Беларусияда дагы тийиштүү жабдуулар жетишпей, бет каптар аптекаларда жок болуп, эл кооптонууда жашап жатышат. Эгер масштабдуу карай турган болсок дүйнөдө “жаңы тартипти” ким орнотот деген күрөш жүрүп жатат. Дүйнөлүк державалар бул биологиялык согушта тартип менен экономиканын күчүн көрсөтө башташты. Америка менен Кытайдын окумуштуулары глобалдык күндүн ысышы да ар кандай жаңы оорулардын келип чыгышын каңкуулашты. Анткени эң байыркысы болуп эсептелген Тибеттеги мөңгүлөрдө 28 вирустун түрүн табышкан. Алар 15 миң жыл мурун тоңгон боюнча тирүү экенин аныктап, глобалдык күндүн ысышы менен алар тирилээрин жар салышты. Демек COVI-19 бул бир эле түрү болуп калышы мүмкүн. Адам баласы, айрыкча дүйнөлүк саясатчылар мындан улам экологияга зыян алып келүүчү завод фабрикалардын санын кескин азайтуусу абзел. Жаратылыш менен адам баласы тең салмакта жашабаса ал бузулуп, дүйнөлүк коогалаңдар көбөйөөрүнө күбө боло баштадык. Ошол үчүн агайын туугандар, сиз ким болсоңуз да жалпы тартипке баш ийүүңүз керек. Пандемия киргенде “бийлик”,- бийликте болот, атып, же камап салса да сурак болбойт. Өзгөчө аймака кирген бөлүктө сурануу деген болбош керек, ал жакта буйрук болуш керек!”- дейт журналист.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru