народный

Илимпоздор жаңы пандемиянын пайда болуу коркунучу бар экендигин аныкташты

Вирус мөмөдө калган оорулуу малдын шилекейи аркылуу жугат жана андан өлүмдүн көрсөткүчү 90 пайызга жетет.

Америкалык илимпоздор жаңы вирус чыгып кетүү коркунучу бар экендигин жарыялап, Express изилдөөчүлөрдүн эмгектерине таянып жазды.

Адистер Нипах вирусу көбүнчө жарганаттардан адамдарга жугарын айтышты. Бул вирустун жайылышы жыл сайын Бангладеш менен Индиянын калк жыш жайгашкан аймактарында болуп, өлүмгө алып келүүчү оору болорун белгиледи.
Нипа көбүнчө мөмөдө калган ооруган малдын шилекейи аркылуу жугат. Ошол эле учурда, вирустун өлүмү 90 пайызга жетет. Учурда Нипахтын дарысы же вакцинасы жок.
Адистердин айтымында, вирус адамдан адамга SARS-CoV-2 сыяктуу оңой жол менен жукпагандыгына карабастан, ал мутацияга учурашы мүмкүн.

“Эгер мындай боло турган болсо, натыйжада өлүмгө алып келүүчү оорунун кеңири жайылышы мүмкүн”, – дейт изилдөө жетекчиси доктор Джонатан Эпштейн.
Анын айтымында, Нипах вирусун жуктуруп алгандардын белгилери япондук энцефалит жана безгек сыяктуу ооруларга окшош.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru