Индияда өлгөн бука үчүн 13 күн аза күтүштү

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Курди айылынын тургундары өлгөн бука үчүн 13 күн аза күтүшкөнүн чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык, бука 20 жылдан бери айылда жашайт. Тургундар аны үй -бүлөнүн мүчөсү катары эсептешкен. Бука өлгөндөн кийин диний жөрөлгө жасап, дасторкон жайып, 13 күн аза күтүшкөн. Ал эми сөөк коюу учурунда адамдар ыйлашкан. Индияда мындай азем үй-бүлөнүн улуу мүчөсү каза болгондо жасалат.

Бука эч кимге таандык эмес. Бирок бүт айыл аны карап баккан. Бука музоо кезинде кыштактын жанындагы ыйык жерден табылгандыктан жергиликтүү тургундар аны кудайдын белеги деп түшүнүшкөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru