Индонезиялык Джошуа бир түндүн ичинде миллионер болду

Индонезиядан келген Джошуа Хутагалунг бир түн ичинде миллионерге айланды.Анын үйүнө 1,9 миллион долларлык метеорит кулады деп билдирди The Sun.
Белгиленгендей, 33 жаштагы адам короодо болгон учурда, космостук объект үйдүн чатырын бузуп, верандага түшүп кеткен. Метеорит футболдук топтун көлөмүндөй жана салмагы 2,2 килограммды түзөт.

Адистер космостон келген ташка болжол менен 4,5 млрд жыл деп айтууда.
Джошуа метеоритти буга чейин коллекционерге сатканын айткан. Объект анын үйүнө кулаганда, ага үй солкулдап, бак кулап түшкөндөй сезилген.

Метеорит үчүн адам миллиондогон сумманы алды. Ал бул акчаны 30 жыл иштеп араң тапмакмын деп белгиледи. Сумманын бир бөлүгүн чиркөөнүн курулушуна жумшоону көздөп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.