Инфекция очогуна Бишкектен ыктыярдуу дарыгерлер тобу жөнөп кетти

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын коштоосунда ыктыярдуу дарыгерлер тобу инфекция очогундагы дарыгерлерди колдоо жана алмаштыруу үчүн Бишкектен жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жерине реаниматолог жана инфекционист дарыгерлер жөнөп кетти.

Маалыматка ылайык, аларга жеке коргонуу үчүн керектүү каражаттар берилди жана иш сапар акылары төлөндү. Инфекция очогундагы дарыгерлерди колдоо жана алмаштыруу үчүн кеткен, бул биринчи эле топ.

Бүгүн белгилүү болгондой, учурда дагы коронавирус жуктурган 2 жаңы учур катталган. Алар эркек кишилер. Бирөө Дубайдан учуп келсе, экинчиси коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгон. Алар – бирөөсү Чүй облусунун, ал эми экинчиси Бишкек шаарынын тургундары.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru