Жарнама

Бөбөктөрдүн азыктарын жарнамалоону тыюу сунушталды

23.03.26 | 15:07
Бөбөктөрдүн азыктарын жарнамалоону тыюу сунушталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстанда балдардын азыктарын жарнама кылууга тыюу салыш керек деген сунушту киргизди. Маалымат парламенттин сайтына жарыяланган.

Ага эненин сүтүн алмаштыра турган азыктар, бөтөлкө, упчу жана тамактандыра турган башка продукциялар кирип калышы мүмкүн.

Ашымбаева беш жашка чейинки бөбөктөрдүн тамактануусу бузулганы боюнча маселе курч турганын, бул нерсе кичинекейлердин ден соолугуна терс таасирин тийгизерин айткан. Парламентарий эң жакшысы жана чыгым аз кете турган жол — баланы эмизүү экенин белгилеп, бөбөктөрдүн тамагын жарнамалоо жогорудагы көйгөйгө алып келүүдө деген оюн билдирген.

Былтыр май айында ал кездеги депутат Айсулуу Мамашова ушул сындуу мыйзам сунуштап, алты айга чейинки бөбөктөргө берилчү азыктарды рекламалоону чектөө зарылдыгын айткан эле.

Сиз бул сунушту колдойсузбу?

Жыйынтыгы 27-март күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Бөбөктөрдүн азыктарын жарнамалоону тыюу сунушталды

Ооба
50%
Жок
50%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча