Жарнама

Мамлекет тарабынан мугалимдерди сыйлоону үйрөтүү жана мажбурлоо керекпи? (сурамжылоого катышыңыз)

09.04.26 | 09:13
Мамлекет тарабынан мугалимдерди сыйлоону үйрөтүү жана мажбурлоо керекпи? (сурамжылоого катышыңыз) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Мамлекеттин келечегин түптөгөн өлкөдөгү мугалимдердин учурдагы абалы, кадыр-баркы жана ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илим Кубанычбеков билдирүү жасап, тынчсыздануусун билдирди.

Ал өз сөзүндө, сапаттуу билим берүүнү талап кылуудан мурда, мамлекет тарабынан мугалимдерди сыйлоону үйрөтүү жана мажбурлоо керектигин айтты.

“Мугалим бул – президентти, депутатты, дарыгерди, аскерди да тарбиялаган улуу инсан. Бирок, тилекке каршы учурда мугалимдерибизди тийиштүү деңгээлде коргой албай жатабыз. Мугалимдерге карата урмат-сыйдын төмөндөөсү, зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүшү олуттуу көйгөйгө айланды. Акыркы убакта коомдо кооптуу тенденция күчөп, мугалимдерге ата-энелер тарабынан кол көтөрүү, орой мамиле кылуу фактылары кездешүүдө. Окуучулардын мугалимдерди сыйлабастыгы, соцтармактарда мугалимдерди мазактоо жөн эле тартип маселеси эмес, бул мамлекеттин пайдубалына урулган сокку деп билем. Эгер мугалимди сыйлабаган коом болсо, ал коомдун келечеги да күмөн болот”,- деди эл өкүлү.

Депутат мындай тенденцияны көргөн жаштар мугалимдик кесипти тандагысы келбей турганын да айтып өттү. Бирок, расмий статистикага ылайык, өлкөдө 947 предметтик мугалим жетишпей турганын кошумчалады.


Мамлекет тарабынан мугалимдерди сыйлоону үйрөтүү жана мажбурлоо керекпи?

Жыйынтыгы 13-апрель күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Мамлекет тарабынан мугалимдерди сыйлоону үйрөтүү жана мажбурлоо керекпи? (сурамжылоого катышыңыз)

Ооба
100%
Жок
0%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча