Жарнама

Медициналык текшерүүдөн өтпөгөндөр үйлөнө албайт. Мындай мыйзам керекпи?

28.04.26 | 11:58
Медициналык текшерүүдөн өтпөгөндөр үйлөнө албайт. Мындай мыйзам керекпи? КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда үйлөнүп жаткан жубайларды медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутат Нуржамал Төрөбекова иштеп чыгып, документ коомдук талкууга чыгарылды. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери белгилегендей, Кыргызстанда инфекциялык оорулар, айрыкча сарыктын (гепатит) В, С жана D түрлөрү, ВИЧ-инфекциясы көйгөй бойдон калууда. 

Сарык (гепатит, В, С жана D түрлөрү) узак убакыт бою билинбей өтөт. Бул оору кан жана биологиялык суюктук аркылуу жугат. Аны убагында дарылабаса, ал өтүшүп кетип, өнөкөт ооруга айланышы мүмкүн. Ал кара сарыкка (боор циррозу), боордун рагына жана иммунитеттин бузулушуна алып келет. 

Практика көрсөткөндөй, көп жарандар инфекциялык оорусу тууралуу кабары жок жүрөт. Алар турмуш кургандан кийин оорусу жубайына жуккан учурлдар бар. Мындан улам жарандарды инфекциялык оорулардан коргоо үчүн баш кошуп жаткан жубайларды медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүү сунушталууда. 

Алар сарыктын (гепатит) В, С жана D түрлөрүнө, ВИЧ-инфекциясына, венерологиялык ооруларга текшерилиши керек болот. Текшерүүнүн жыйынтыгы жубайлардын макулдугу менен гана бири-бирине ачыкталат. 

Эгер жубайлардын бири аталган оорулардын бири менен оорганын жашырса, экинчиси сотко кайрылып, никени жокко чыгарууга укуктуу. 

Баш кошкон жубайлардын медициналык текшерүүдөн өтүүсү, дарыгерден кеңеш алуусу жашаган жериндеги медициналык мекемеде акысыз жана милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. 

Сунушка ылайык, турмуш куруу үчүн жубайлар медициналык текшерүүдөн өткөнү тууралуу маалымкатты көрсөтүшү керек болот. Антпесе алар баш кошо алышпайт.

Азырынча мыйзам долбоору кабыл алына элек, коомдук талкууга гана чыгарылды.

Бул мыйзамга сиз кандай карайсыз? Жаш жубайларды медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурлоо керекпи?

Жыйынтыгы 1-май күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Медициналык текшерүүдөн өтпөгөндөр үйлөнө албайт. Мындай мыйзам керекпи?

Жок
100%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча