Жарнама

Мектеп окуучулары окуу үчүн жасалма интеллект (ChatGPT) колдонушу керекпи?

18.05.26 | 16:09
Мектеп окуучулары окуу үчүн жасалма интеллект (ChatGPT) колдонушу керекпи? КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

АКШдагы ири билим берүү округдары жасалма интеллектти сабактарга киргизе баштады. Миллиондогон долларлык келишимдер билим берүү сапатын жогорулатуу жана чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт. Технологиялык корпорациялар бул багытты активдүү колдоп, аны ири рынок катары көрүшөт. Өкмөттүн да ар кайсы саясий күчтөрү AI билим берүүдө жаңылык алып келет деп эсептешет. Заманбап когнитивдик илим далилдегендей, жеке жөндөмдөр да коомдук байланыш аркылуу калыптанат. Социалдык байланыштар мээнин өнүгүшүнө жана билим алууга жооптуу гендердин иштешине таасир этет.

«Бала башкалардын оюн угуп, алар менен талкуу жүргүзгөндө жакшыраак үйрөнөт», — деп белгилешет изилдөөчүлөр.

Класстагы талкуулар, биргелешип окуу жана пикир алмашуу окуунун натыйжалуулугун жогорулатып гана тим болбостон, психикалык ден соолукка да оң таасир берет. Изилдөөлөр мунун аркасында билим чындап терең болорун көрсөтөт.

Жасалма интеллекттин окуучулардын өнүгүшүнө тийгизген таасири боюнча ишенимдүү маалыматтар азырынча жок. Изилдөөлөр көбүнчө улуу студенттерге багытталган жана тесттик жыйынтыктарга гана басым жасалат.

Ал эми айрым педагогдордун айтымы боюнча, жасалма интеллект бул иштерди бат аткарып, окуучуга негизги нерсеге, башкача айтканда ойлонууга жана түшүнүүгө көбүрөөк убакыт калтырат. Бирок ар бир нерсенин эки тарабы бар. Жасалма интеллекттин да коркунучтуу жактары жок эмес.

Эң чоң коркунуч – окуучу өзү ойлонбой калуусу. Эгер ар бир тапшырманы программага жаздырып койсо, анын мээси иштебей калат. Мисалы, дил баянды толугу менен жасалма интеллект жазып берсе, окуучу жазуу жөндөмүн жоготот. Убакыт өткөн сайын өз алдынча ой жүгүртүү начарлайт. Мугалим берген тапшырманы окуучу өзү аткарбай, даяр жоопту колдонушу мүмкүн. Бул билимдин сапатын төмөндөтөт. Сыртынан караганда баары жакшы көрүнгөнү менен, чыныгы билим болбойт. Мындай жол менен чоңойгон бала келечекте өз алдынча чечим кабыл алууда кыйналат. Же интернет өчүп калган убактарда окуучу эч нерсе кыла албай калат.

Жасалма интеллект ар дайым туура жооп берет деп кепилдик жок. Кээде ал эски же туура эмес маалымат бериши мүмкүн. Эгер окуучу аны текшербей эле ишенип алса, жаңылыш түшүнүк калыптанат. Ошондуктан сынчыл ой жүгүртүү, жана кайра текшерип чыгуу абдан маанилүү.

Ал эми сиз кандай ойлойсуз? Мектеп окуучулары окуу үчүн жасалма интеллект (ChatGPT) колдонушу керекпи?

Жыйынтыгы 22-май күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Мектеп окуучулары окуу үчүн жасалма интеллект (ChatGPT) колдонушу керекпи?

Жок
0%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча