Кыргызстанда окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталып калышы мүмкүн
03.06.26 | 14:10
Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүн. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, азыр демилге талданып жатат.
"Маселени Агартуу министрлиги эле чечпейт, башка мекемелер да тартылат. Эгер сынамык долбоор ийгиликтүү деп табылса, андан ары да улантылат", — деди Кендирбаева.
Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган.
Ал эми сиз бул демилгени колдойсузбу же каршысызбы?
Жыйынтыгы 8-июнь күнү саат 15:00дө чыгарылат.
Кыргызстанда окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталып калышы мүмкүн
Макулмун
100%Каршымын
0%Редактор
Редактор
Поделиться: